Тажикстанда Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөт

Борбор Азиядагы мамлекеттердин желектери.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 14-15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында кеңешмеге чогулат. Тажикстандын басылмалары бул тууралуу тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге таянып жазышты.

Маалыматка караганда, чөлкөм лидерлеринин жыйынында транспорт тармагы жана жаштар саясатына байланыштуу эки келишимге кол коюлат.

Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда кошумча 12 иш-чара өткөрүүнү сунуштаган. Алардын арасында экономикалык форум, илимпоздордун жолугушуусу, маданий иш-чаралар жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү бар.

Дагы караңыз

Корей жана чех маданиятын Кыргызстанда көргүсү келген Мунарбек "Менсиз чөптүн башы кыбырабаса". Канды кудай урарда...Бөлтүрүк үчүн 10 миллионду ким төктү?