Эквадордо талапкердин өлүмү менен коштолгон президенттик шайлоо өттү

Президенттикке талапкер Луиса Гонсалес коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда баратат.

Эквадордогу президенттик шайлоо кинчи айлампасында солчул талапкер Луиса Гонсалес менен экс-депутат, бизнесмен Даниель Нобоа ат салышат.

19-августтагы биринчи турдан кийинки баштапкы жыйынтыкта Гонсалес 33%, Нобоа 24% добушка ээ болууда. Шайлоонун экинчи айлампасы 15-октябрда өтөт.

Шайлоо өнөктүгү маалында талапкерлердин бири, коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү депутат Фернандо Вильявисенсио өлтүрүлгөн. Бирок ал киши колдуу болгонго чейин бюллетендер басылып чыккандыктан, анын ысымы добуш берүү кагазынан өчүрүлгөн жок. Вильявисенсионун ордуна журналист кесиптеши Кристиан Сурита ат салышты. Аны шайлоочулардын 16% колдоду.

Байкоочулардын айтымында, Вильявисенсионун экинчи айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Шайлоодо көбүрөөк колдоого ээ болуп жаткан Луиса Гонсалес Эквадордун мурдагы солчул президенти Рафаэль Корреанын жактоочусу.

Добуш берүү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте уюштурулду.