Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Майыптар маселесин талкуулаган эл аралык жыйын өттү


Форумдун ишине өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты.
Форумдун ишине өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты.

Бүгүн 21-августта Бишкекте майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү талкууланган жыйын өттү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, эл аралык форумда угуу органдарынан майыптыгы бар адамдарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү, реабилитация жана шарт түзүү жаатында пикир алмашуу болду.

Жыйынга Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан, Молдовадан жана башка өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катышты.

Министрликтин расмий эсеби боюнча, Кыргызстанда 205 миң адам майыптыгына байланыштуу каттоодо турат, алардын 9 миңи угуу органдары жабыркагандар.

Форумга катышкан өкмөт башчы Акылбек Жапаров майыптыгын тастыктоо үчүн мурда алардан 16 тастыктама кагаз талап кылынып келген болсо, азыр бул иш жөнөкөйлөштүрүлүп, бир гана амбулатордук карта жетиштүү болуп калганын айтты.

Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу быйыл өкмөттүк эмес уюмдарга 13 миллион сом бөлүнүп берилгени, алар ишке ашыра турган долбоорлор 2 миңдей майыпты камтый турганы маалымдалды.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар мамлекеттен тийиштүү жардам ала албай турганын укук коргоочулар айтып келишет. Алардын пикиринде, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер расмий статистикадан кыйла көп. (RK)

XS
SM
MD
LG