Черниговго урулган соккуда жабыркагандар 150дөн ашты

Чернигов шаарынын борбордук бөлүгүнө кол салуудан кийинки көрүнүш

Украинанын Чернигов калаасына жасалган ракеталык соккудан жараат алгандардын саны 150дөн ашты. Украинанын президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алексей Кулеба Телеграмга жазгандай, куткаруу операциясынан кийин 41 киши ооруканага жаткырылды. Айрымдарынын абалы оор.

19-августтагы кол салууда кеминде жети киши, анын ичинде алты жашар кыз набыт болду. Аткылоонун натыйжасында ондогон турак жай жана административдик имараттар зыян тартты. Чернигов администрациясы бул соккуну аскердик кылмыш деп атады.

БУУнун Украина боюнча гуманитардык координатору Денис Браун Орусиянын калктуу конуштарга кол салуусун айыптады.

Дагы караңыз

Пансионаттарды Өзбекстанга башкарууга берүүгө негиз болгон документтерди ачыктоо талабы коюлду Чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталдыМаңзат соодасына шектелген милиция, кызматтан кеткен жетекчилер