Пансионаттарды Өзбекстанга башкарууга берүүгө негиз болгон документтерди ачыктоо талабы коюлду

Өзбекстанга башкарууга берилген "Рохат НБУ" пансионаты.

Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишине негиз болгон документтерди ачыктап, элге көрсөтүү маселесин бүгүн, 21-августта абакта отурган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков көтөрүп чыкты. Социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган ачык катында ал пансионаттардын Өзбекстанга берилиши “көптөгөн суроолорду жаратып жатканын, ошондуктан өкмөт төмөнкү документтерди элге көргөзүшү керек” экенин белгиледи:

“Вашингтон сотунун чечими, кыргыз-өзбек бир чечимге келүү келишими, төрт пансионатты 49 жылга берүү келишими жана шарттары. Бул документтер элге чындыкты билүүгө жардам берет”.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим өткөн аптада Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында белгилүү болгон. Мамлекеттик мүлк фонду "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет деп билдирген.

18-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров пансионаттарды 2016-жылдагы Кыргызстанга кайтарып алуу популисттик кадам болгон деп билдирип, мунун айынан соттошуулар жүргөнүн белгилеген:

“Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: "Тынчтык жолу менен чечели, силерге төрт пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула", - деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, "анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, төрт-беш жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик".

Саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүшүнө каршы пикирин ачык билдирип келет. Ушундай пикирин айтып жүргөн отуз чакты саясатчы Жээнбеков менен кошо былтыр күзүндө камакка алынган, алардын айрымдары кийин үй камагына чыккан.

“Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренелер менен козголгон иш сотто жабык каралууда. (RK)

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталдыОрусия Москвага жакын жерде дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди Маңзат соодасына шектелген милиция, кызматтан кеткен жетекчилер