Президент "Кумтөр", "Мегакомдон" акча алып жүргөн сайттар жөнүндө айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 18-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кабарчынын анын саясатын сындап жаткан медиа сайттар тууралуу суроосуна жооп берди. Ага журналист "сиздин саясатыңызга каршы беш-алты сайт бар эмеспи. Жасалып жаткан жакшы иштерди деле жаман жакка бурмалап жазат. Алар эмне үчүн сизге каршы? Айтайын дегеним сизге чейинки бийликтегилерди мактап эле жазып жүрчү эле?",-деген суроо берген.

Садыр Жапаров анын саясатын сындаган сайттар буга чейин "Кумтөрдөн", айрым мамлекеттик ишкана-мекемелерден акча алып турганын, өзү бийликке келгенде аны токтотконун жарыялады.

"Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты эки-үч миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм",-деп жооп берген Жапаров.

Президент анда сөз кайсы сайттар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес.

"Кумтөр", "Мегаком" компаниялары, "Манас" эл аралык аба майданы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды Ош милициясы Мирзиёевге кайрылган жарандан улам териштирүү баштадыСадыр Жапаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу үн катты ИИМ маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден улам иликтөө баштады Анкара Москвадан Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоону талап кылды Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы иштен кетти "Озодлик" Саида Мирзиёева жогорку кызматка дайындаларын жазды