Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

ИИМ маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден улам иликтөө баштады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын айрым кызматкерлери маңзат соодасына шек саналып кармалганына байланыштуу иликтөө баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерине көзөмөл кылбаган жетекчилерге укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу чара көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет",-деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында, 17-августта Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү"), 343-беренесинин 2-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") жана 262-беренесинин 1-бөлүгү ("кылмыш чөйрөсүн түзүү)" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

"Кармалган милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныкташкан. Аларды кармаган учурду телефонго тартып алып, камай турганын айтып акча өндүрүп жүрүшкөн. Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине 20 миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык учур тууралуу маалымат алынды. Бул синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүүдөгү чыныгы абалды жаап-жашыруунун эбегейсиз көрүнүшү болуп саналат", - деп билдирген УКМК.

Кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG