Бишкекте поезд жолундагы кырсыктын себеби иликтенүүдө

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Жүрүп келаткан поезддин жолуна чыккан оор жүк ташуучу машина оодарылып кеткенин, окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн, 18-августта “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 17-августтун кечинде "Бишкек-1" темир жол станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө болгон.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок, жеринде атайын комиссия иштеп жатат.

“Көмүр ташыган чиркегичи бар “КамАЗ” жүк ташуучу автомашинасынын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендиги аныкталды. Маневрдик поезд менен кагылышканда “КамАЗ” капталына оодарылып кеткен”, - деп билдирди ишкана.

Окуяга байланыштуу мекеме жол кыймылынын бардык катышуучуларына, айдоочуларга темир жол өтмөктөрүнөн өтүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл экенин эскертти.

Кыргызстанда темир жол тилкесинин бир башы Балыкчы шаарында, экинчиси Казакстан менен чектешкен аймакка жетип, андан ары уланат. Машиналар поезд менен сүзүшкөн, адамдар каза болгон учурлар буга чейин да катталган.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды Ош милициясы Мирзиёевге кайрылган жарандан улам териштирүү баштадыМүлк агенттиги Өзбекстанга берилген пансионаттар жөнүндө түшүндүрдү Көк-Жар тургундары жер мунапысы боюнча нааразылык билдирди