Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Мүлк агенттиги Өзбекстанга берилген пансионаттар жөнүндө түшүндүрдү


"Дилором" пансионаты.
"Дилором" пансионаты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын өзбекстандык компанияларга башкарууга берилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун белгиледи. Жаңылап, ондоо үчүн ири инвестиция керектигин айтты.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйында кабыл алынган. Ага ылайык, "Золотые пески" пансионаты "Ташкент механикалык заводуна", "Дилором" пансионаты "Асакабанк" компаниясына, "Рахат" эс алуу жайы "Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына", ал эми "Бустон" "Узпромстройбанк" банкына берилет.

"Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт", - деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы "Золотые пески", “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” - “Алтын жай”, “Дилором” - “Эне-Сай”, “Золотые пески” - “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми "Бустон" пансионатынын аты ошол бойдон калган.

XS
SM
MD
LG