Казакстанда орусиялык "Царьград" телеканалынын сайты жабылды

"Царьград" телеканалынын эн белгиси.

Казакстанда орусиялык "Царьград" телеканалынын сайты жабылды. Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин сайтында белгиленгендей, аталган сайт экстремизмди пропагандалаганы үчүн жабылды.

Министрлик тараткан билдирүүдө "сайтта улуттар аралык кастыкты козутууга жана терс коомдук резонанс тутантууга багытталган материалдар аныкталганы" жазылат.

Мисал катары "Царьград" телеканалынын сайтында жарыяланган бир нече макала келтирилген. Алардын бири "Жеңиш майрамын утурлай казак улутчулдары орус аялды коркутуп-үркүтүп жатышат" деп аталат.

Казак бийлигин чечимин "Царьград" телеканалы "эгер тыюу сала башташса, демек аябай жакшы иштеп атыптырбыз" деп комментарийледи. Мындай билдирүү телеканалдын Телеграм-каналында 17-августта жарыяланды.

Ал эми телеканалдын негиздөөчүсү олигарх Константин Малофеев Казакстанды "орустарды мазактоо менен өзүн суверендүү мамлекет көрсөткүсү келген" Орусия империясынын "мурдагы провинциясы" деп атады.

"Царьград" Орусиянын Украинага согуш ачканын колдоп, окуяларды орус улутчулдарынын позициясынан чагылдырат.

Ээси Малофеев АКШ жана Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген. 2020-жылы YouTube "Царьграддын" каналын толук блоктогон.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу үн катты Нарын соту "вагнерчи" деп шектелген жаран боюнча өтүнүчтү караган жокМүлк агенттиги Өзбекстанга берилген пансионаттар жөнүндө түшүндүрдү