"Кокустан илешип калдым". Маңзат соодасына тартылган өспүрүм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте интернеттеги баңгизат бизнесине аралашты деген шек менен кармалган 16 жаштагы өспүрүм 7 жылдан 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Курьер болуп иштеп жүрүп, Телеграм каналынан буйрутма тапкан улан кылмышка кокустан илешип калганын айтууда.

Кыргызстандын укук коргоо органдарында жашы жете элек балдардын баңгизатты мыйзамсыз сатууга аралашып калган учурлары тууралуу статистика жок. Укук коргоочулар ондогон улан-кыздар азгырылып же каражаттын тартыштыгынан ушундай иштерге барарын белгилешет. Эл аралык тажрыйбада мындай кылмышка тартылган балдар "баңгизат сатуунун курмандыгы" деп табылат