Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар кыргыз бийлигинин Ысык-Көлдөгү айрым төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берип жатканын сындап чыгышты. 17-августта президент Садыр Жапаровго жолдогон ачык кайрылуусунда алар кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достук маанайдагы, өз ара пайдалуу, тең укуктуу кызматташууну ар дайым колдошорун, бирок пансионаттар боюнча чечим туура эместигин белгилешти:
“Өзбекстандан 2016-жылы кайтарып алган Ысык-Көл жээгиндеги төрт пансионатты жери менен 49 жылга эч бир негизсиз, төлөмсүз кайра берилгегин Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп эсептейбиз. Себеби СССР таркагандан кийин Ысык-Көл жээгиндеги жалпы Союздун, профсоюздун, кайсы бир союздук республиканын балансында турган объектилерди КР ЖК 1994-жылы ратификация кылган Минск эл аралык келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын менчиги болуп таанылган”.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилерин “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков билдирген. Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат. Тургунбеков белгилегендей, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.
Өкмөт 2020-жылы эле “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.
2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” - “Алтын жай”, “Дилором” - “Эне-Сай”, “Золотые пески” - “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми "Бустон" пансионатынын аты ошол бойдон калган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип чыккан 30чакыт саясатчы жана актививст былтыр октябрда камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Муну өзүлөрү саясий куугунтук деп атап келишет, бийлик андай сынды четке кагууда.
16-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү.
Дагы караңыз
Бишкекте сугат суулары үчүн жаңы скважиналарды бургулоо уланып жатат “Вагнердин” азгырыгы: абактан ажалга айдалгандарБаткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жол кеңейтилди АКШ казакстандык ишканага санкция салдыЖаңы окуу жылындагы алгачкы сабактын темаларынын бири санариптештирүү болот