Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

АКШ казакстандык ишканага санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Казакстандын, Орусиянын жана Словакиянын компанияларын санкциялык тиземеге киргизди. Буга алардын Түндүк Корея менен байланышы түрткү болду. АКШ бийлиги билдиргендей, бул фирмалар Орусияга Түндүк Кореядан курал-жабдык жеткирүү тууралуу келишимдердин түзүлүшүнө көмөктөшкөн.

Астанада 2018-жылы каттоодон өткөн Defense Engineering, Орусиядагы "Верус" жана Словакиядагы Versor компаниясынын баарынын ээси бир - словакиялык ишкер Ашот Мкртычев.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Мкртычев өз компаниялары аркылуу Орусияга Түндүк Кореядан курал-жабдыктын 20дан ашуун түрүн жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Пхеньянга салынган эл аралык санкцияларды бузган.

Азербайжанда туулуп өскөн, Словакиянын жараны Мкрытчев өзү АКШнын санкциясына ушул жылдын март айында илинген.

Каржы министринин орун басары Брайан Нельсон билдиргендей, АКШ мындан ары дагы "Түндүк Кореянын курал-жабдыгын орусиялык аскердик машинага жеткирүүгө көмөктөшкөн мыйзамсыз түйүндөрдү казып, ачыкка чыгара берет".

Буга чейин Вашингтон Москва менен Пхеньяндын аскердик жаатта кызматташуусу БУУнун резолюциясын бузарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG