Блинкен Орусияда соттолгон АКШ жараны Пол Уилан менен сүйлөштү

Орусияда тыңчылыкка айыпталып, кесилген АКШ жараны Пол Уилан. 24-октябрь, 2019-жыл.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Орусияда тыңчылыкка айыпталып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Пол Уилан менен 16-августта телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу CNN телеканалы, Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазышты. Маалыматка караганда, Блинкен Вашингтон “Уиланды тезирек үйүнө кайтаруу үчүн баардык аракетин көрүп жатканын” белгилеген.

Уиландын агасы Дэвид CNNге сүйлөшүү “узак жана ачык” болгонун айтып берген. Бул Блинкендин Мордовиядагы түрмөдө отурган Уилан менен экинчи жолку сүйлөшүүсү.

50 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Ал Москвада 2018-жылы кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын жанынан купуя маалыматтар сакталган флешка табылганын ырастаган. 2020-жылы ал тыңчылыкка айыпталып 16 жылга эркинен ажыратылган. Пол Уилан өзү дооматтардын баарын четке кагып, Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин жана «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп билдирген. АКШ департаменти ага “Орусияда мыйзамсыз кармалып турат” деген макам ыйгарган. Буга ылайык, Вашингтон аны чыгарып кетүү боюнча кошумча механизмдерди иштетип, айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.

Дагы караңыз

Ысык-Көл жээгиндеги мушташ боюнча үч шектүү кармалдыАкылбек Жапаров жумушчу сапар менен Шинжаңга барды Европада Сорос фонддорунун программалары жабылат