17-августтун аба ырайы

17-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаана жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Дагы караңыз

Ошто атасынын өлүмүнө шектелген киши кармалдыОрусияда жарандык алган 100дөй чет өлкөлүк аскер комиссариатына жеткирилдиПрезиденттик администрациянын имаратын куруучу компания 25,7 гектар жер алды Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү беш айда 13,3% өстү