Латыш-беларус чек арасын кайтарууга армия менен полиция көмөктөшөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Латвиянын Чек ара кызматы 15-августтан тартып Беларус менен чек арасын кайтарууну күчөттү. Мындан улам кошумча мобилизациялоо башталганын билдирди. Мекеме муну латыш-беларус чек арасында "гибриддик коркунучтун чукул күчөгөнү" менен негиздеди.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, соңку бир күндө 96 адам Латвияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Мекеменин ырасташынча, "беларус бийлик өкүлдөрүнүн чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштурууга аралашкан учурлары" көбөйдү.

Чек ара күзөтчүлөрү мындан улам армия менен полициядан кошумча күч сурады. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшкө жардам берилерин билдирди.

Расмий Минск дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул айдын башында Латвия Беларус менен чектешкен үч аймакта чек араны катуу тартипте кайтарууга өткөн. Өкмөт анда мындай режим 11-августта башталып, кийинки жылдын 24-февралына чейин уланарын билдирген.

Польша дагы Беларус менен чек арасын бекемдөө үчүн кошумча эки миң аскер жөнөтөрүн маалымдаган.

Латвия ушул тушта чек арада 173 чакырымдык дубал куруп жатканы жана ал 2024-жылы аяктаары айтылган.

Польша Беларус менен чек арасына бийиктиги 5,5 метрге жеткен 186 чакырым чеп курган. Литва дагы былтыр чек арасын бийиктиги беш метрге жеткен, үстүнө тикенек зым тартылган бетон дубал менен тоскон.

2021-жылы жай-күз айларында Польшада жана Балтика өлкөлөрүндө миграциялык кризис жаралган. Аталган өлкөлөрдүн бийликтери буга байланыштуу Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптаган.

Ошол маалда Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген миңдеген мигрант Беларус аркылуу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө, Литва, Латвия жана Польшага өтүп кетүүгө аракет кылган. Натыйжада жүздөгөн адам чек арада ары же бери кете албай калган.

Дагы караңыз

Боомдогу жол кырсыгында үч адам мерт болуп, алты киши жараат алдыФБРдин экс-агенти Дерипасканын пайдасына иштегенин мойнуна алды Украина аймактарынан баш тартуу ыктымалдыгын четке какты Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны башталатЛенин округундагы кайра шайлоо: БШК үч адамды талапкерликке каттаган жок