Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн кан жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотула баштаганын кабарлады. Ушул тушта Бишкек-Кара-Балта жолуна 50 даана, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана коюлуп жатканын билдирди.
"Соккуга каршы буферлер жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 кг жетет. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түстө болот, түнкүсүн дагы алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул машинага келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат", -деп жазылган маалыматта.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку алты айда үч миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 270тен ашык адам мерт болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда кеминде 8,5 эсеге өстү.
Дагы караңыз
Владимир Зеленский Донецкидеги аскер бригадаларынан кабар алды Гавайи: Мауи аралында өрттөн каза тапкан адамдардын саны 96га жетти Балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар өзгөрдү УКМК Равшан Жээнбековдун жубайы жөнүндө дагы түшүндүрмө таратты Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок Канимет Осмонбеков Лейлек районунун акими болуп дайындалды