Кыргызстанда 84 миңге чукул бал челек каттоодон өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлиги 2020-жылы башталган бал челектерди идентификациялоо аяктаганын билдирди. Ага ылайык, учурда 1282 аары багылган чарбада 84 миңге чукул бал челек каттоодон өттү.

Алардын ичинен 81 миңи Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (ЖИКС) киргизилди.

Буга чейин өз алдынча иштегендерди кошкондо өлкөдө төрт миңге жакын балчы бар экени айтылып келген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын алты айында эң көп, тактап айтканда, 100 тонна бал Кытай менен Америка Кошмо Штаттарына экспорттолду.

Өлкөдө жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Адистер өлкөнүн 100 миң тоннага чейин бал өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет.

Кыргызстандан бал негизинен АКШ менен Кытайдан сырткары Катар, Жапония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Түркия, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жыргалаң жөнүндө түшүндүрмө берди Британияда украин аскер-деңиз күчтөрүнүн 900 жоокери машыгып келдиКанимет Осмонбеков Лейлек районунун акими болуп дайындалдыКара деңиздеги орус күчтөрү жүк ташуучу кемени ок атып токтоттуБекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналган төрт адам кармалды