Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:12

Кара деңиздеги орус күчтөрү жүк ташуучу кемени ок атып токтотту


 Орусиянын "Василий Быков" аскердик кемеси. Архив.
Орусиянын "Василий Быков" аскердик кемеси. Архив.

13-август күнү эртең менен Орусиянын "Василий Быков" аттуу кайгуул кемеси Кара деңизде Палаунун желеги менен бараткан "Шукрю Окан" жүк ташуучу кемесин ок атып токтотту.

"Азаттыктын" орус кызматы Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазгандай, кеме Украинанын Измаил портун көздөй бара жаткан. Орус кемеси аны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылган. Жүк ташуучу кеме жооп бербегенден кийин "Василий Быков" эскертүү иретинде ок аткан.

Аны улай "Шукрю Окан" текшерилип, сапарын уланткан. Бул кеме эмне үчүн жөнөтүлгөнү жана эмне ташып бара жатканы белгисиз. Орусиянын жүйөсүн азырынча көз карандысыз булактар ырасташа элек.

Деңиздеги кемелердин багытына байкоо салган Marine Traffic трекинг кызматынын маалыматына ылайык, жүк ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Румынияны көздөй жол алды. Бул кеме Грекиянын Халкида портунан чыккан.

Буга чейин орус армиясы Украинанын данын экспорттоого жол ачкан келишим иштебей калганына байланыштуу украин портторуна бараткан бардык соода кемелерин бутага алынуучу объект катары санай турганын билдирген.

АКШ Орусиянын дан келишиминен баш тартканын кескин сынга алып, орус күчтөрүнүн украин портторун блокадага алганын "аскердик агрессия" деп сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG