Калининграддагы машыгууда Су-30 учагы кыйрады

Су-30 учагы

Орусиянын Коргоо министрлиги кыйроодо экипаждын эки мүчөсү тең набыт болгонун маалымдады. Маалыматта учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кыйрашы ыктымалдыгы да жазылган.

Учак кулаардан мурун абада жарылганын уккан адамдар бар экенин "112" Телеграм каналы жазды.

Су-30 — истребителин Орусия Украинадагы согушта такай колдонуп келген. Кол салуу башталгандан бери согуш талааларында 11 истребителинен ажыраганын Oryx мониторинг долбоору жазды. 2023-жылдын башында орус армиясына 118 даана Су-30 учагы болгону ачык булактарда жазылган.

Дагы караңыз

Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү федерациясына президент болду"Бут тосууларга карабай жеңүүчү болгон". Суучул Ахмед Анарбаевдин тагдыры Сот Данияр Ибраевдин абактан бошотулганы боюнча түшүндүрмө бердиЕвробиримдик Украинага ракета жана артиллериялык курал-жарак бердиПрага: 60 миңдей киши бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну талап кылышты