Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү федерациясына президент болду


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү федерациясына президент болуп шайланды.

Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын конгрессинде кабыл алынды.

Конгресске тогуз мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында эл аралык Көк бөрү федерациясы Эл аралык Ассоциация болуп түзүлдү. Ассоциациянын президенти Курманкул Зулушев, вице-президенттери Казакстандын Жаппай Көк пар федерациясынын президенти Гани Дирманов, Өзбекстандын Улок кукпари федерациясынын төрагасы Равшанбек Адхамов жана Орусиянын Алтай республикасынын Көк бөрү ат оюндар федерациясынын президенти Эркин Тузачинов шайланды.

Жыйында көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн федерациянын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков (Кыргызстан) менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) эл аралык Көк Бөрү ассоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.

Курманкул Зулушев - Кыргызстандын баш прокурору болуп 2020-жылы октябрда дайындалган. Ал 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеп турганда "Ата Журт" партиясынын ошол кездеги парламенттеги депутаттары - азыркы президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди жана Талантбек Мамытовду актаган чечим чыгарган.

Эл аралык "Көк бөрү" федерациясын буга чейин 2001-жылдан бери Казакстандын жараны Кайрат Сатыбалды жетектеп келген.

Кайрат Сатыбалды - Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Ал былтыр мартта кармалып, камакка алынган. 2022-жылы сентябрда Астана шаардык соту аны алты жылга абакка кескен.(GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG