Пакистандын президенти Ариф Алви өкмөт башчы Шахбаз Шарифтин сунушу менен 9-августтун кечинде парламентти таркатуу буйругун чыгарды.
Убактылуу премьер-министр жакынкы үч күн ичинде дайындалып, шайлоо 90 күн ичинде өткөрүлүүгө тийиш. Кетип жаткан өкмөт шайлоо кийинки жылга жылышы мүмкүн экенин эскертти.
Улуттук кеңештин бул жолку чакырылышынын соңку жыйынында сүйлөгөн Шахбаз Шариф 2022-жылы Имран Хан кызматтан кеткенден кийин парламент ага жана коалициялык өкмөткө өлкөдөгү толгон-токой көйгөйдү чечүүнү тапшырганын, бул оңой болбогонун айтты.
"Соңку 16 ай менин жашоомдогу эң кыйын убакыт болду. Бул 16 ай мен үчүн жана союздаш партиялардагы кесиптештерим үчүн да оор болду. Менин саясий карьерамда мындай кыйын күндөр болгон эмес. Учурда өлкөдө инфляция жогору, күйүүчү майдын баасы күн сайын көтөрүлүп жатат", - деди Шахбаз Шариф.
Шариф федералдык коалиция бир жылдай бийликте турганда өлкөнүн экономикалык жана саясий абалын оңдой алганын кошумчалады. Ал Эл аралык валюта корунан алган 3 миллиард долларлык жардамды мисал келтирди.
Шарифтен мурдагы өкмөт башчы Имран Хан 5-августта жемкорлукка айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган. 70 жаштагы саясатчы айыптардын баарын четке кагып, Жогорку сотко доо арыз менен кайрылды. Ага Пакистандын шайлоо комиссиясы беш жыл саясат менен алектенүүгө тыюу салды.
Дагы караңыз
Эквадордо президенттикке талапкерди өлтүрүп кетиштиОшто кайгуул кызматынын башчысы кызматтан кеттиЛебединовканын жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу акцияга чыкты