Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

Эквадордо президенттикке талапкерди өлтүрүп кетишти


Эквадордун президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо өнөктүгүндө сүйлөп жатат. Бир нече мүнөттөн кийин аны атып кетишет. Кито шаары. 9-август, 2023-жыл.
Эквадордун президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо өнөктүгүндө сүйлөп жатат. Бир нече мүнөттөн кийин аны атып кетишет. Кито шаары. 9-август, 2023-жыл.

Эквадордун президенттигине ат салышып жаткан, жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы кескин билдирүүлөрү менен таанылган Фернандо Вильявисенсиону атып кетишти.

Окуя 9-августтун кечинде баш калаа Китонун түндүгүндөгү шайлоо өнөктүгү учурунда болгонун бийлик билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, саясатчыга каршы отуздай ок атылган. Социалдык тармактарга жайылган видеодон Вильявисенсио иш-чарадан кийин машинесине отуруп жаткан маалда октун үнү чыгып, кыйкырык-сүрөөн башталганын көрүүгө болот.

Башкы прокуратура кылмышка шектүү адам атышуу маалында алган жарааттарынан өзүнө келбей көз жумганын билдирди. Окуяга байланыштуу алты киши кармалганы кабарланды.

Фернандо Вильявисенсио көз жумган клиниканын алдына анын тарапташтары нааразылык акциясын өткөрүштү.

Түштүк Америкада жайгашкан Эквадордун президенти Гильермо Ласо атаандашынын өлүмүн уюшкан кылмыштуу топтордон көрдү. 59 жаштагы мурдагы журналист Вильявисенсио 20-августта өтө турган шайлоого ат салышып жаткан сегиз талапкердин бири болчу.

XS
SM
MD
LG