Грузияда жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти

Шови аймагында жүргөн жер көчкүнүн алдында аман калгандарды издеп жүргөн куткаруучу. 5-август, 2023-жыл. Грузия.

Грузиядагы Шови курорттук аймагында 3-августта болгон жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын жетекчиси Темур Мгебришвили 9-августта билдирди. Анын айтымында, соңку бир суткада дагы эки адамдын сөөгү табылды. Алардын бири өспүрүм болгон.

12 киши дайынсыз болууда. Табигый кырсык болгон жерде миңдеген куткаруучулар жана аскерлер иштеп жатышат. Оор техника тартылган.

Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү бир катар мейманканаларды жана коттедждерди басып калган.

Дагы караңыз

Президент Жапаров санкция боюнча АКШ сенаторунун катына жооп бердиПольша Беларус менен чек арасына эки миң кошумча аскер жөнөтөтСергиев Посаддагы жардыруудан бир киши мерт кетти, 60тай киши жабыркады