Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводдун аймагында болгон жардыруудан бир киши каза таап, 56 киши жабыркады. Алардын арасынан абалы оор алты киши азыр реанимацияда. 22 киши оорукананын травмотология бөлүмүнө түштү. Калгандары жеңил жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.
Маалыматка караганда, заводдун ичиндеги бардык цехтерден жана айлана-тегеректеги имараттардан адамдар коопсуз жакка чыгарылды. Алдын ала маалыматка караганда, пиротехника сакталган кампа жарылган. Буга ал жакта иштегендерди шалаакылыгы себеп болгону кабарланууда. Жарылуунун жыйынтыгында кампа толук жок болду. Андан тышкары заводдун жанындагы спорт комплекси, эки мектеп жана жыйырмадай көп кабатуу үй жабыркады.
Загорск оптико-механикалык заводунда аскердик максатта колдонулуучу продукциялар да чыгарылат. Былтыр заводдун аймагында өрт тутанган.
Жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дагы караңыз
Президент Жапаров санкция боюнча АКШ сенаторунун катына жооп берди"Азия парк" орусиялык компанияларга Бишкекте кампа курбасын билдирди ТИМ: Сергиев Посаддагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жокОрус армиясы Украинанын Никополь шаарын аткыладыТүштүк Американын лидерлери токой саммитине чогулушту