Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Түштүк Американын лидерлери токой саммитине чогулушту


Амазония чытырман токойлорун коргоо саммитине чогулган Түштүк Америка мамлекеттеринин лидерлери. 8-август, 2023-жыл. Бразилия, Белен шаары.
Амазония чытырман токойлорун коргоо саммитине чогулган Түштүк Америка мамлекеттеринин лидерлери. 8-август, 2023-жыл. Бразилия, Белен шаары.

Түштүк Америка мамлекеттеринин лидерлери 8-августта Бразилиянын Белен шаарында дүйнөдөгү эң ири тропикалык чытырман токойлорун сактап калуу жолдорун талкуулоо үчүн атайын саммитке чогулушту.

8-9-август күндөрү өтө турган жыйынга Боливия, Бразилия, Колумбия, Эквадор, Гайана, Перу, Суринам жана Венесуэланын лидерлери топтолду.

Бразилиянын аймагына токойлордун 60% туура келет.

Өлкөнүн буга чейинки президенти Жаир Болсонарунун тушунда токойлорду кыюу 85 пайызга көбөйүп, жыл сайын он миң чарчы чакырымдай жер тазаланып турган.

Быйыл жыл башында өлкө башына келген Лула да Силва 2030-жылга чейин токойлорду кыюуну толук токтотууну убада кылган.

Амазонка дарыясынын бассейнинде аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң тропикалык чытырман токойлор жайгашкан. Ал жактан чыккан кычкылтек Латын Америкасын гана эмес, бүтүндөй планетаны да камсыздайт. Соңку жылдары адамзаттын кийлигишүүсүнөн улам бул токойлордун аянты кыскарып, жыйырма пайыздайы жок болуп кетти.

Амазония чытырман токойлору биологиялык ар түрдүүлүккө бай. Мисалы, ал жакта кырк миңдей өсүмдүктүн түрү, бак-дарактын 16 миңдей, балыктын үч миңдей, куштардын эки миңдей жана сүт эмүүчү жаныбарлардын миңдей түрү бар.

XS
SM
MD
LG