Грузияда жер көчкүдөн набыт болгондор 19га жетти

Шови курорттук аймагында жер көчкүнүн алдында калгандарды издеп жүргөн куткаруучулар. 5-август, 2023-жыл. Грузия.

Грузин бийлиги 8-августта билдиргендей, куткаруучулар жер көчкүнүн алдынан дагы бир аялдын сөөгүн таап чыгышты. Өткөн жумада курорттук Шови шаарында болгон табигый кырсыктан өмүрү кыйылгандардын саны 19га жетти, дагы 16 адам дайынсыз болууда.

Окуяга байланыштуу Түштүк Кавказда жайгашкан мамлекетте 7-августта аза күтүү күнү жарыяланды. Ал эми 8-августта өлкөдө 15 жыл мурда орус-грузин согушунан курман болгондордун элесине арналып баардык желектер түшүрүлдү.

2008-жылы 8-августта Орусия менен Грузиянын ортосунда куралдуу жаңжал тутанган. Тбилиси Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалга чабуул коюуга жикчилдердин кол салуулары түрткөнүн айтып келсе, Москва өз жарандарын, жикчил аймактагы бейпилдик күчтөрүн коргогонун билдирген.

Беш күндүк согуштан кийин Орусия Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган.

Уруш ондогон адамдардын өмүрүн кыйган, миңдеген грузин там-ташынан ажыраган.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: соттук териштирүү 14-августта өтөтВашингтон Киевге курал-жабдык үчүн дагы 200 млн доллар бөлөтТүндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн таштар тазаланды