Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Вашингтон Киевге курал-жабдык үчүн дагы 200 млн доллар бөлөт


HIMARS реактивдүү системалары Запорожье багытындагы жолдо. 4-июль, 2023-жыл. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тараткан сүрөт.
HIMARS реактивдүү системалары Запорожье багытындагы жолдо. 4-июль, 2023-жыл. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тараткан сүрөт.

Кошмо Штаттар 8-августта Украинага курал-жабдык үчүн дагы 200 миллион доллар бөлөрүн жарыялайт. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги жазды.

Бул жолку каражат "Пэртиот" зениттик-ракеталык комплекстерине ок-дарылар, HIMARS системалары үчүн реактивдүү ракеталар, миналарды иштен чыгаруу үчүн колдонулуучу жабдыктарга жана башка куралдарга жумшалышы керек.

Акча буга чейин берилген 6,2 миллиард долларлык курал-жабдыктын баасын эсептеп жатканда кетирилген бухгалтердик катадан улам ашыкча болуп чыккан.

Учурда АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага дагы кошумча каражат бөлүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Сунуш Конгресске күзүндө жиберилет. Бул тууралуу СNN телеканалы билдирди. Былтыр Ак үй Украинага жардам бөлүү сунушу менен Конгресске төрт жолу кайрылган.

Буга чейин Пентагон Киевге "Абрамс" танктарынын биринчи партиясын жиберүүнү расмий жактырганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG