9-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29 градус жылуу болот.
Дагы караңыз
Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метр суу барТүркмөнстанда жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгыштыУкраин армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантууда