Рубль сомго карата дагы арзандады

Орус рублинин ар кайсы купюралары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 8-августка карата сомдун чет элдик валюталарга карата катышы тууралуу маалыматты чыгарып, орус рублинин баасын мурдагы курска караганда 1,4% төмөндөттү.

Расмий курска ылайык, 1 рубль 92 тыйынга барабар болуп калды.

Бул күнү коммерциялык банктарда 1 рубль орточо 90-91 тыйындан сатып алынып, 94-95 тыйындан сатылууда. Акча алмаштыруучу жайлар болсо 89-90 тыйындан алып, 93-94 тыйындан сатышууда.

Орус валютасынын курсу жыл башынан бери 1 сомдон жогору баада кармалып келип, 24-июнь күнү Кыргызстанда кескин төмөндөгөн.

Коммерциялык банктар бир рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Орусияда Пригожиндин "куралдуу козголоңу" таасир эткени айтылган.

Улуттук банк рублдин баасын июнь айында теңме-тең кармап турса, июлда 95-97 тыйын менен жыйынтыктады. Августтун башында 1 рубль 93-94 тыйынга түшүп калган.

Улуттук банктын сайтында жазылгандай, 8-августка карата 1 АКШ доллары 87,87 сомдон, 1 евро 96,43 сомдон болуп жатат. Казак теңгеси 19 тыйын деп бааланууда. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция: көлдөгү мушташтын Аманкуловдун өлүмүнө тиешеси жок Покровск: Орусиянын соккусунан жети адам мерт болуп, 57 киши жараат алды Түптөгү Талды-Суу, Көөчү жана Корумду айылдарында сел жүрдү