Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:38

Милиция: көлдөгү мушташтын Аманкуловдун өлүмүнө тиешеси жок


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Бостериде көл жээгинде 23 жаштагы жигиттин каза болушуна байланыштуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирди. Анда жээктердин биринде тартылган, соцтармактарга жарыяланган видеонун Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө тиешеси жоктугун маалымдады.

"Айрым социалдык тармактарда колдонуучулар көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендирип жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Тасмадагы окуя 3-июлда Кара-Ой айылындагы пляжда болгон. Уруш жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда чыккан. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр экени такталган. Териштирүүдө эки тарап тең арыз берүүдөн баш тарткан", - деп жазылган маалыматта.

Облустук милициясы Бостериде 6-августта эс алуучу каза болгон окуя Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат журналына катталып, териштирүү жүрүп жатканын, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин белгиледи.

Мунун алдында маркумдун туугандары тергөөгө байланыштуу нааразылыгын билдирген. Анда 23 жаштагы жигит ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG