ИИМ: Алты айда маңзатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды

Жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматта 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылат. Баңгичиликтин алдын алуу үчүн 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөн.

ИИМ 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети акыркы убактарда маңзаттарды мыйзамсыз таратууга студенттер, мектеп окуучулары, жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып жатканын белгилейт.

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам расмий каттоодо турат. "Азаттык" буга чейин интернет аркылуу маңзат бизнеси кантип жайылып жатканын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган.(MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстан кара металл экспортуна киргизилген чектөөнү узарттыЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасы башталдыПрезидент Жапаров Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алат