Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстан кара металл экспортуна киргизилген чектөөнү узартты


Оштогу темир заводу. Иллюстрациялык сүрөт.
Оштогу темир заводу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети ломду жана кара металл калдыктарын, алардан жасалган куймаларды сыртка ташып чыгарууга салган тыюусун 7-августтан тартып кайрадан алты айга узартты. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Токтомдун алкагында Экономика министрлигине Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлама берүүнү, Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетине маалымат берүү тапшырмасы коюлду.

Өкмөт бул чектөөнү 2022-жылдын августунда жарым жылга кабыл алып, 2023-жылдын башында кайрадан алты айга узарткан болчу.

Кыргызстандын Министрлер кабинети быйыл мартта баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык чектөө киргизген. Анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо деп аталган. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө коюлган.

Баалуу металл – алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий). Бул топтогу металлдардан адатта зер буюмдар жана башка баалуу нерселер жасалат.

Кара металл – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн жана болот. Кара металл курулуш материалдарын чыгарууда, техникалык жабдууларды жана башка нерселерде жасоодо колдонулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG