Словениянын бийлиги 6-августта Евробиримдикке жана НАТОго кайрылып, суу ташкындын кесепетин жоюга жардам сурады. 4-августта тынбай жааган нөшөрдөн улам өлкө аймактарын суу каптап, төрт кишинин өмүрү кыйылды, 500 миллион евродон ашуун материалдык чыгым келтирилди. Бир нече адам дайынсыз.
Жолдорду, көпүрөлөрдү жана имараттарды суу алып кетти. Словениянын өкмөт башчысы Роберт Голоб мындай масштабдагы табигый кырсык "өлкө көз карандысыздыкка жеткен 1991-жылдан бери болбогонун" билдирди.
Миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Өлкөнүн төрттөн үч бөлүгү электр жарыгы жок калды.
Евробиримдик Словенияга кандай колдоо керек болсо көрсөтөрүн Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляен X (мурдагы Твитттер) социалдык түйүнүнө жазды.
Heartbreaking to follow the devastation caused by colossal floods in Slovenia.The EU is by the side of the Slovenian people. We will mobilise support as needed.Commissioner @JanezLenarcic is already in Ljubljana to discuss with @govSlovenia.
— Ursula von der Leyen (@vonderleyen) August 5, 2023
Суу ташкын Европадагы болуп көрбөгөндөй ысык аба ырайынан кийин башталды. Май айында Италияда суу ташкын 17 кишинин өмүрүн алып, 30 миңдей тургун үй-жайсыз калган.
Климатолог окумуштуулар табигый кырсыктардын көбөйүшүн климаттын өзгөрүүсүнө байланыштырып жатышат.
Дагы караңыз
“Кумтөр” киреше азайганы тууралуу маалыматты четке кактыНигер: козголоңчулар кийлигишүүдөн чочулап аба мейкиндигин жапты Крымды материк менен туташтырып турган эки көпүрө аткыланды