Украинанын армиясынын 6-августтагы чабуулунда аннексияланган Крымды материк менен байланыштырган эки көпүрө жабыркады. Бул тууралуу жарым аралдын Москва дайындаган бийлиги кабарлады жана талкаланган Чонгар жана Геническ көпүрөлөрүнүн сүрөттөрү, видеолору жарыяланды. Ага ылайык, учурда ал көпүрөлөр менен каттоо дээрлик мүмкүн эмес.
Херсон облусунун Орусия дайындаган башчысы Владимир Сальдонун билдиришинче, кеминде бир адам жараат алды. Ал украин тарап Геническ көпүрөсүн көздөй 12 ракета учурганын, анын тогузу атып түшүрүлгөнүн айтты.
Орусиялык булактар Киев британиялык Storm Shadow канаттуу ракетасын колдонгонун билдиришти. Киев ракеталарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Куралдуу күчтөрү эки көпүрөгө сокку урулганын ырастады. Анда бул көпүрөлөр орус армиясын курал-жарак, ок-дары менен камсыздоодо негизги жол болгону айтылат.
Чонгар көпүрөсү июнь айынын аягында дагы аткыланган жана анда дагы Storm Shadow ракетасы менен сокку урулганы айтылган.
Украин аскерлери бул көпүрө аркылуу орусиялык армия Украинанын оккупацияланган түштүк аймактарына кошумча күч жөнөтүп келгенин билдирген.
Лондон Киевге май айында узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөн. Ага чейин Батыш өлкөлөрү 80 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды берген.
Дагы караңыз
Жидда: Украинага тынчтык орнотуу жаатында кеңешүү уланат Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени жөнүндөгү сөздөргө жооп бердиОрусия авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылады Казакстан: прокуратура Z жана V белгилерине тыюу салууну сунуштады “Кумтөр” киреше азайганы тууралуу маалыматты четке какты