Жиддада Украинага тынчтык орнотуу жөнүндө сүйлөшүү башталды

Владимир Зеленский Сауд Арабиясына ушул жылдын май айында келип кеткен.

Владимир Зеленский Сауд Арабиясына ушул жылдын май айында келип кеткен.

Сауд Арабиясында 5-августтан Украинага тынчтык орнотууга байланыштуу эки күндүк жолугушуу башталды.

Жидда шаарындагы 40тай өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүгө Орусия чакырылган эмес. Айрым басылмалар жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Эр-Рияд Москвага маалымат берүүнү пландаштырып жатканын жазды.

Жолугушууда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун уставын сактоо, өзөктүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукка байланыштуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” талкууланары айтылган.

Жиддадагы жолугушууга Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча өкүлү Ли Хуэй дагы катышып жатат. Киев Бээжиндин бул жолугушууга өкүл жөнөткөн “чон жетишкендик” катары сыпаттанган.

Москва Жиддадагы сүйлөшүүлөргө тыкыр көз саларын билдирген.

Дагы караңыз

Грузияда жер көчкүдө мерт болгондордун саны 16га жетти Харьков: кан борборуна бомба тийип, мерт болгондор бар экени кабарландыИИМ көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө баштадыТашиев күйүүчү майдын баасын 63-64 сомдон ашырбоону тапшырды Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады