Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Грузияда жер көчкүдө мерт болгондордун саны 16га жетти


Georgia Landslide
Georgia Landslide

Грузиянын тоолуу Рача аймагындагы Шови курорттук айылында 3-августтагы жер көчкүдөн мерт болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Кырсык болгон аймакта куткаруу, дайынсыз жоголгондорду издөө уланып жатат.

Буга чейин кеминде 35 адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланган. Кырсык болгон күнү алты адамдын сөөгү табылган.

Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү бир катар мейманканаларды жана коттедждерди басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Темур Мгебрашвилли куткаруу иштерине керектүү оор техникаларды алып өтүү үчүн убактылуу көпүрө орнотулганын билдирди.

Грузияда 7-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG