Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү. Шаардык бейтапканадан маалымдашкандай, анын абалы азыр орточо оор.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя 4-августта Кара-Суу районунда болгонун бышыктады. Бирок анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Тергөөнүн сыры деген жүйөө менен ок жеген жаран, кылмышка шектүүлөр, алардын кылмыш топтор менен байланышы жана кылмыш ишинин козголуп-козголбогону тууралуу суроолорго комментарий берүүдөн баш тартты.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, ок атышуу Ош аба майданына бараткан жолдо болгон.

Облустук милиция буга чейин дагы тергөөнүн сыры деген негизде айрым бир чуулгандуу фактыларга байланыштуу маалымат берүүдөн баш тарткан учурлары болгон.

Өткөн айдын башында Оштогу "Казак" деген каймана ат менен таанымал, 16 жолу соттолгон кримтөбөл Умар Маратовду зордуктоого айыптаган арыз түшкөнү белгилүү болгон. Облустук милиция анын кармалып-кармалбаганы, же издөө жарыяланганы тууралуу маалымат берген эмес. (DSh)

Дагы караңыз

Латвия миңдеген орусиялык жаранга өлкөдөн кетиши керектигин эскертетЧуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы башталдыКытай Жиддада Украинага байланыштуу жолугушууга катышат Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөтЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну сунуштадыЛенин округундагы кайра шайлоо: талапкерлерди каттоо башталды