Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Латвия миңдеген орусиялык жаранга өлкөдөн кетиши керектигин эскертет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Латвиянын өкмөтү келерки айда, сентябрда алты миңдей орусиялык жаранга бул өлкөдөн кетиши керектигин эскерткен кат жөнөтөт. Бул тууралуу LSM.lv порталы парламент депутаты Ингмар Лидакка шилтеме кылып жазды.

Лидактын сөзүнө караганда мындай кат Латвияда туруктуу жашоо үчүн арыз жазбаган жана латыш тилинен экзамен тапшыруу үчүн каттоодон өтпөгөн орусиялык жарандарга жөнөтүлөт.

Латвиянын Ички иштер министри бул маалыматты ырастады.

"Эгер жаран ошол өлкөдө болууга укугу жок болсо, анда ал жашаганга укугу бар мамлекетке кетиши керек. Алардын кетишине үч ай убакыт берилет. Бул убакыт алардын шашпай чыгып кетиши үчүн берилип жатат", - деди ИИМдин өкүлү Вилнис Витолиныш.

Ал эгер туруктуу жашоого уруксаты жок жаран Латвияда калууну улантса мамлекеттик органдар эртеби-кечпи ал тууралуу билгенден кийин өлкөдөн кетиши керектигин эскертерин белгиледи. Мындай жарандарга административдик чара колдонулуп, айып пул салынышы ыктымалдыгына токтолду.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Латвия орусиялык жарандардын келишине байланыштуу эреже-талапты күчөткөн. Мындай чара бул өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты барларга дагы колдонулган.

Ага ылайык, Латвияда жашаган орус жарандары латыш тилинен экзамен тапшырат, эгер андан өтпөй калса, туруктуу жашоого уруксаты жокко чыгарылат. Андай жарандарга бир жылдан кийин кайра тилден экзамен тапшырууга уруксат берилет.

Латвиянын бийликтеринин эсебинде, мындай жаңы талап 17 жаштан 74 жашка чейинки 20 миңдей орусиялык жаранга тиешелүү болот.

XS
SM
MD
LG