Ички иштер министрлиги (ИИМ) жайкы эс алуу маалында дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлүп, Ысык-Көл менен Чүй облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштерин билдирди. Буга байланыштуу кошумча бекеттер коюларын билдирди.
“Айрыкча, Ысык-Көлгө жүргүнчү ташыган машиналар текшерилип, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалдагы жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара көрүү үчүн кошумча бекеттер коюлат. Кечинде Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан машиналардын тыгыны жаралбашы үчүн кызматкерлер көчө кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салат”, - деп жазылган маалыматта.
ИИМ Бишкекти көздөй багыт алган айдоочуларга тыгында калбаш үчүн мүмкүн болушунча эртерээк жолго чыгууну сунуштады.
Өткөн дем алыш күндөрү көлдөн шаарга кайткан машиналар бир канча саат узун тыгында калган учурлар болгон.
Дагы караңыз
Жыл башынан бери 11 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө ишке орноштуНовороссийск портуна жасалган соккудан орус десанттык кемеси жабыркадыБУУ Навальныйдын сотуна тыкыр көз салып жатканын билдирди