Орусиянын Коргоо министрлиги 4-августта Новороссийск портуна экипажсыз эки катер чабуул жасаганын билдирди.
Мекеме кол салуу артында Украина турганын айтып, дрондор жок кылынганын кошумчалады.
Ал арада "Украинская правда" басылмасы Коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, чабуулда порттогу "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урулганын жазды. Редакция соккунун видеосун дагы жарыялады.
СБУ провела спецоперацію в бухті Новоросійська - пошкоджений великий десантний корабель "Оленегорский горняк". Відео надане джерелами УП pic.twitter.com/raQavQp1qU
— Українська правда ✌️ (@ukrpravda_news) August 4, 2023
Коргоо министрлиги Новороссийскиден тышкары учкучсуз аппараттардын чабуулуна аннексияланган Крымдагы обьектилер да кабылганын билдирди. Дрондордун баары зыян келтире электе абадан жок кылынганы кабарланды.
Адатта расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга реакция жасабайт.
Дагы караңыз
БУУ Навальныйдын сотуна тыкыр көз салып жатканын билдирдиАшхабадда "Түркмөнстан-Тажикстан-Өзбекстан" саммити өтөтКой-Таш окуясына байланыштуу сот процесси белгисиз мөөнөткө жылды