Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Ашхабадда "Түркмөнстан-Тажикстан-Өзбекстан" саммити өтөт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ашхабадга келди. 4-август, 2023-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ашхабадга келди. 4-август, 2023-жыл.

4-августта Ашхабадда "Түркмөнстан-Тажикстан-Өзбекстан" форматындагы үч тараптуу саммит өтөт. Ага президенттер Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев катышат.

Мирзиёев 4-августта Ашхабадга учуп барып, түркмөндөрдүн Халк Маслахатынын төрагасы, мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Саммитте Борбор Азиянын үч лидери кандай темаларды козгошору так айтылган жок. Айрым эксперттер билдиргендей, президенттер аймактагы орчундуу маселелерди, анын ичинен транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, мамлекеттер аралык соода жараяндарын жөнөкөйлөтүү жолдорун талкуулашары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG