Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлап, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полицияга жабырлануучунун арызын каттоону уюштурганын билдирди.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Москва шаарынын Басманный районунун полициясы тергөө жүргүзүүдө. Анда кыргызстандын жараны жабырлануучу катары таанылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Мунун алдында кыргызстандык мигранттын жазган арызын полиция кабыл албай койгону кабарланган эле.
Таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылган эмес. Социалдык тармактарга тараган видеодо машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот. Бул видео интернетке тарап кеткенден кийин коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп, элчиликтин кызматкерлери аны издеп таап, кабыл алган.
Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган. (ErN)
Дагы караңыз
Рим папасы жаштарды климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чакырдыБышыкчылыкта баасы асмандаган жашылча-жемишБекназаров Байсаловдун Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу айтканына жооп бердиОрусиядагы калайман мушташта эки тажик мигранты каза таптыДональд Трамп жаңы тагылган айыптар боюнча Вашингтон сотуна баратЖыргалаңдагы көмүр кени ишке киргизилди"Сапат" эки лицейдин директорун кызматтан алып, 20дай адисине чара көрдү