Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, 3-августка караган түнү орус армиясы урган жанкечти дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Украин аба күчтөрү кабарлагандай, 15 “Шахед” жана жети чалгын дрону жок кылынган. Киевде жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.
2-августка караган түнү орус армиясы негизинен Одесса жана Киев облустарына абадан чабуул койгон. Одессадагы портторду аткылоодон дан кампалары жана элеваторлор жабыркап, 40 миң тонна буудай жарактан чыккан.
Дагы караңыз
Баткен: жер талаштан улам кайнисин атууга шек саналган адам кармалдыМандат чыры: сот Фархат Исмаиловдун арызын канааттандырган жок Жыргалаңдагы көмүр кени ишке киргизилди