Иранда болуп көрбөгөндөй ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды. Өкмөттүн маалымат катчысы Али Бахадори Жахроми билдиргендей, мамлекеттик мекемелерди, банктарды жана мектептерди 2-3-август күндөрү жабуу чечими Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүнөн кийин кабыл алынган. Бул тууралуу мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды.
Соңку күндөрү Иранда абанын температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. 1-августта башкалаа Тегеранда 38 градус ысык катталды.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлда өткөргөн маалымат жыйында глобалдык жылуулук доору аяктап, "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирген.
Дагы караңыз Тарыхтагы эң ысык июль: Глобалдык аптаптын Ала-Тоодогу илебиАл эми Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа комиссиясынын Copernicus кызматы 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болуп каларын билдиришкен.
Дагы караңыз
Облустук сот Искаковду, Балбаевди жана Бекболотовду камакта калтырды"Тез жардамда" иштегендердин маянасына байланыштуу түшүндүрмө берилдиЗордуктоого шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматынан кетти