Түркияда жол кырсыгына кабылган казак туристтеринин бири каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Анталья провинциясында болгон жол кырсыгынан кийин ооруканага түшүп, операция жасалган казакстандык турист 31-июлда көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, каза болгон адам тууралуу толук маалымат жок, бирок жол кырсыгына учураган кичиавтобустагы туристтердин баары Мангыстоо облусунан барганы кабарланууда.

Смадияров Казакстандын Түркиядагы консулдугу кырсыктагандардын маселеси менен толук алектенип жатканын кошумчалады.

"Жабыркагандар эми эсине келип жатышат. Үч адам ооруканага түшкөн. Ар кимиси ар кайсы жакта. Консул баарынан кабар алууда", - деди Смадияров.

30-июлда Анталья провинциясында казакстандык туристтерди алып бараткан кичиавтобус катуу ылдамдыкта баратып жүк ташуучу машинени сүзгөн. Микроавтобустун айдоочусу жана жанына отуруп бараткан украиналык гид кырсык болгон жерде каза тапкан. Автоунаадагы 12 туристтин арасында төрт бала болгон.

Дагы караңыз

Кариб деңизине чөгүп кеткен кыргыз жарандары жөнүндө маалымат такталуудаЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү айлампасы башталды"Социалдык келишим" долбоору: мыктылар курултайга чогулат