Бишкек: бир аптада жол эрежеси одоно бузулган 5,5 миңден көп учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында соңку бир аптада жол эрежелери одоно бузулган 5570 учур катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

21-июлдан 27-июлга чейин өткөрүлгөн рейдде автоунааны мас абалында башкарган 44 айдоочу кармалган. 40тан ашуун кишиге машинени айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөнү үчүн айып салынган. 134ү көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашса, 408 айдоочу автоунаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы аныкталган. Жалпысынан 741 машина атайын токтотуучу жайга киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы соңку төрт айда мас болуп автоунаа айдаган 1800дөн ашуун адам бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн 8-марттан бери ичимдик ичип машина айдагандар 17% азайды.

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. (КЕ)

Дагы караңыз

Марий Элде катуу шамалдан бак кулап, бери дегенде сегиз адам набыт кетти Кара-Сууда трикотаж кийим, кездеме токуган фабрикалар ачылат ЖККУ: куралдуу кагылыш учурундагы байланыш маселелери талкууландыЛьвова-Белова Украинадан 700 миңден ашык бала алынып келгенин билдирдиБританияда Жусупов менен Боулер кыргыз мигранттары менен жолукту