Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Марий Элде катуу шамалдан бак кулап, бери дегенде сегиз адам набыт кетти


Катуу шамал маалында лагерде болжол менен 500дөй машина болгон.
Катуу шамал маалында лагерде болжол менен 500дөй машина болгон.

Марий Элде катуу шамалдан чатырлар лагерине бак кулап, бери дегенде сегиз адам мерт болду, дагы ондогон киши жараат алды. Йошкар-Ола шаарынын мэри Евгений Масловдун билдиришинче, алардын экөө оор абалда.

Марий Элдин башчысы Юрий Зайцевди маалымдашынча, кырсык Яльчик көлүндө өз алдынча уюштурулган пляжда болгон. Мерт болгондордун арасында үч бала бар.

Катуу шамал маалында лагерде болжол менен 500дөй машина болгон. Шамал башталганда алар токойдон чыгып кетүүгө аракет кылган, бирок жолду кулаган дарактар тороп калган.

Татарстандын башчысы мерт болгондор орус жарандары экенин ырастады.

Орусиянын Тергөө комитети адам өлүмү менен коштолгон бул кырсыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин ырасташынча, кичи жана чоң Яльчик көлдөрү "Марий Чодра" улуттук парктын аймагында жайгашкан. Кылмыш иши аталган парктын жетекчилигине карата "коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен ачылды.

XS
SM
MD
LG