ЖККУ: куралдуу кагылыш учурундагы байланыш маселелери талкууланды

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана  Беларус мүчө.

Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринде байланышты камсыздоо органдарынын башчыларынын жолугушуусу өттү. Бул иш чара 25-25-июль күндөрү аталган уюмдун Бириккен штабынын базасында уюштурулду.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин билдиришинче, анда негизинен куралдуу кагылыш маалында радио жана спутник байланышты колдонуу тажрыйбаларына өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу Кыргызстан, Армения жана Тажикстандын өкүлдөрү баяндама жасады.

Кыргызстан былтыр күзүндө ЖККУнун Тажикстандагы аскердик машыгууларына катышкан эмес. Ошондой эле уюмдун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Буга былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу негиз болгону кабарланган.

Бул уюмга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.

Дагы караңыз

Пригожин "Вагнерге" жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарладыПакистанда митингде жанкечтинин кол салуусунан 40 адам набыт болду Львова-Белова Украинадан 700 миңден ашык бала алынып келгенин билдирдиКара-Сууда трикотаж кийим, кездеме токуган фабрикалар ачылат DE: Британияда эки миңден ашык украин жоокери машыгып жатат Марий Элде катуу шамалдан бак кулап, бери дегенде сегиз адам набыт кетти