WSJ: Путин Эрдогандын дан боюнча сүйлөшүү сунушун четке кагууда

Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын дан келишими боюнча сүйлөшүүгө чакырган сунушуна жооп берген жок.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы талдоочуларга жана дипломатия тармагындагы булактарына таянып жазды.

Москва 17-июлда дан келишиминен чыгып кеткенден кийин Эрдоган Путин менен бул келишимдин мөөнөтүн узартууну талкуулоо ниетин билдирген, бирок алардын сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берилген эмес. Басылмага дипломаттар Анкара дан келишими боюнча Кремль менен башка жолдор аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылып жатканын айткан.

The Wall Street Journal маектешине таянып, Түркия Украинага “Азов” полкунун башчыларын кайтаргандан кийин Кремль дан келишимин узартуудан баш тартканын жазган. Мариуполдогу салгылашууда “Азовсталдын” коргоочулары туткунга түшүп, алмашуу жолу менен Стамбулга жеткирилген. Алмашуунун шарты боюнча алар согуш бүткөнгө чейин Түркиянын аймагында калышы керек.

Басылма андан тышкары Москва Швецияны НАТОго кошууга Эрдогандын макулдук бергенине да нааразы экенин жазды.

The Wall Street Journal Орусиянын дан келишиминен чыгуу чечими Кремлдин таасирдүү өнөктөштөрү Анкара жана Бээжин менен болгон мамилесинде дипломатиялык чыңалууну пайда кылышы мүмкүн деп божомолдойт. Кытай дан келишиминин алкагында дүйнө рыногунан азык-түлүк сатып алган ири өлкөлөрдүн катарында.

Кремль орусиялык жер семирткичтерди жана азык-түлүктү экспорттоо боюнча шарттар аткарылбай жатканын жүйө кылып 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялаган.

18-июлдан тарта дээрлик күн сайын орус күчтөрү Украинанын дан экспорттоодо колдонулган Одесса облусундагы портторду аткылай баштады. Кремль бул аткылоосуна 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүнө сокку урулганы негиз болгонун айтты.

Дан келишиминин негизинде Одессадагы деңиз портторунан дүйнө рыногуна 33 миллион тоннадан ашык дан экспорттолгон. Евробиримдик жана БУУ Орусияны бул келишимди жандандырууга чакырды.

Бир жыл мурда дан келишиминин түзүлүшүнө ортомчу болгон Түркиянын президенти Орусиянын мамлекет башчысы менен жолугушууда бул демилге кайра жанданат деп үмүт артууда. Эрдогандын айтымында, Владимир Путин август айында Түркияга барат. Кремль жолугушуунун мөөнөтү тууралуу маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Орусиялык күчтөр Днепр жана Запорожьеде турак үйлөрдү аткыладыАбировдун шайлоого катышуу арызын БШКнын жумушчу тобу карайтПольша аскерлеринин санын эки эсе көбөйтөтТаганрогдогу жарылууда кеминде 12 киши жабыркады